Эртең шаардын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. 26-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөрүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Таза суу Панфилов көчөсү, Манас проспекти, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен жерде жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет бул күнү "Тоголок Молдо" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Жума ортосунда катуу жаан жаап, сел жүрөт. ӨКМ аймактарды тизмектеди