Ала-Бука РИИБде соттолуучу кыйноого кабылганы айтылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө кыйноо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган борбордун кызматкерлери 18-сентябрда ЖАМКнын мекемелеринин бирине барышкан. Натыйжада соттолуучу Е.С. аттуу жарандын денесинен кыйноолордун издери табылган.
"Е.С. Ала-Бука райондук милициясынын имаратында сабалганы аныкталды. Улуттук борбор зордук-зомбулук, кыйноо боюнча медициналык экспертизанын формасын түздү. Топтолгон материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
УКМК: балдарды сатуу үчүн асыраган топтун мүчөлөрү кармалды