"Экс-президент макамым мыйзамсыз алынган!" Акаевдин ЖКга жазган каты жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Аскар Акаевдин июль айынын аягында парламентке жөнөткөн катын жарыялады.
Катта ал экс-президент статусун кайтарып берүүнү суранган. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен бул макамынан мыйзамсыз ажыратылганын белгилеген.
Кечээ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүүнү караган комиссия түзүү маселесин талкуулаган. Жыйынтыгында комиссия түзүүдөн баш тартуу сунушу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн.
Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Акаевдин статусун калыбына келтирүүдөн баш тартты.
2005-жылдагы "жоогазын" ыңкылабынан кийин Жогорку Кеңеш дароо эле Акаевди биринчи президент макамынан ажыраткан. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен анын экс-президент макамы дагы жокко чыгарылган.
Садыр Жапаров Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу өтүнүчү боюнча үн катты