26-сентябрга карата аба ырайы

26-сентябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бейшембиде бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жергесинде +13…+18, Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16…+18, Ош шаарында +24...+26 градуска көтөрүлөт.
Эртең шаардын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт