Мектептерде китеп тартыштыгы качан жоюлат? Маселелер бар...

Sputnik
Президенттин 2022-жылдын 352-Жарлыгы менен “Учкун” ААКы КРдин Билим берүү уюмдары үчүн окуу куралдарын даярдоочу катары белгиленген. Ошондой эле министрликтин 546-токтому аталган басма үйү окуу китептерин даярдоочу катары белгиленгенин Самат Тоялиев билдирди. Былтыр бюджеттен китеп чыгарууга 152 миллион сом бөлүнгөнүн жана ага китеп басылып республикага таратылганын Жаналиева билдирди. Бирок бул да тартыштыкты жоё албайт. Ал каражат орто класстардын айрым китептерин жана алиппе китебин басып чыгууга гана негизделген.
Тоялиев мектептердин окуу фондунда 17 миллионго жакын окуу китеби болууга тийиштигин жана учурда 12 миллиондун тегерегинде гана китептер бар экенин билдирди.Бирок анын канчасы жарактуу, канчасы жараксыз, эски?