Жума ортосунда катуу жаан жаап, сел жүрөт. ӨКМ аймактарды тизмектеди

Министрлик айрым аймактарда таш кулоо кооптуулугу да бар экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. 26-27-сентябрь күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам айрым аймактарда сел жүрөрүн ӨКМ кабарлады.
Маалыматта кооптуулук республиканын дээрлик бардык аймагында бар экени айтылган.
Ысык-Көл облусу: Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунда;
Чүй облусу: Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда;
Нарын облусу: Кочкор, Нарын жана Жумгал райондорунда;
Талас облусу: Айтматов жана Талас райондорунда;
Жалал-Абад облусу: Аксы, Базар-Коргон, Токтогул, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда;
Ош облусу: Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда;
Баткен облусу: Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунда;
Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында.
Мындан тышкары, министрлик таш кулашы да мүмкүн экенин айтып, аймактарды тизмектеп берди.
Бишкек — Ош жолунун 90-115, 116-124, 132-133, 184, 285, 342-348, 355-362, 370, 400-427-чакырымдары;
Бишкек — Балыкчы жолунун 111-138-чакырымы (Боом капчыгайы);
Балыкчы Ананьево — Каракол жолунун 101-220-чакырымы;
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун 64, 98-120-чакырымдары;
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 23-28, 39, 43-45, 64-74, 78-83, 95-96, 100-133, 163-167, 251-258-чакырымы;
Ош — Баткен — Раззаков жолунун 28-64; 78, 125-190-чакырымдары;
Мырзаке — Кара-Кулжа — Көк-Арт 41-55, 63-75, 81-125-чакырымдары;
Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 2-13, 22-24, 38-65, 66-75-чакырымы.
ӨКМ тургундарды, айдоочуларды этият болууга жана коопсуздукту сактоого чакырган. Өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда министрликтин жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылуу зарылдыгы эскертилди.
Жамгыр, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты