Трамп Зеленскийди эң мыкты соодагер деп атады

Трамп эгерде шайлоодо жеңсе Путин менен Зеленскийге телефон чалып, кепке келтирүү ниети бардыгын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. АКШ президенттигине республикачылардан аттанып жаткан Дональд Трамп Владимир Зеленский миллиарддаган долларлык жардам үчүн талапкердин атаандаштары — демократтардын жеңишин каалап турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Зеленский дүйнөдөгү эң мыкты соодагер деп ойлойм. Өлкөгө келген сайын 60 миллиард доллар менен кетет. Бул шайлоодо демократтардын жеңишин ушунчалык каалайт. Бирок мен башкача кадам таштайм, дүйнөнү ынандырам", — деген ал Индианадагы митингде шайлоочулар алдында сүйлөп жатып.
Трамп эгерде шайлоодо жеңсе "биринчи ишин" РФ президенти Владимир Путинге, Зеленскийге телефон чалып, кепке келүүгө чакыруудан баштаарын айткан.
Талапкер башында Жозеф Байдендин администрациясын Россия жетекчилиги менен байланышы жоктугу үчүн сындаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Байден Зеленскийге согушка деп 200 миллиард доллар берди