Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жабыркагандар украин аскерлеринин Курскидеги кылмыштары тууралуу айтып беришти

Украин неонацисттеринин кылмыштары боюнча "Курск облусундагы Киевдин неонацисттик режиминин кылмыштары" аталышындагы доклады жарыяланды.
Sputnik
Документ менен коомчулукту Эл аралык коомдук трибуналдын төрагасы жана РФтин Коомдук палатасынын мүчөсү Максим Григорьев дүйшөмбү күнү тааныштырды. Анда Киевдин неонацисттик режиминин Курск аймагында жасаган кылмыштары боюнча системалуу далилдер биринчи жолу көрсөтүлгөн, тагыраагы, жапа чеккен жана күбө болгон 55 кишинин көрсөтмөлөрү тиркелген.
Видеодо Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн жапа чеккен курскиликтер окуя кайда, кантип болгонун, ажалдан кантип аман калганын баяндашкан. Бул жерден Курскинин Суджа шаары менен беш кыштагынын жашоочуларынан украин аскерлеринин кылмыштуу иштерин угууга болот. Алардын арасында жаштар да, улгайгандар да бар.
"Курск облусундагы Киевдин неонацисттик режиминин кылмыштары" докладында Украина армиясы аялдарды, балдарды, карыларды баш кылып, россиялык жай жарандарды өз үйлөрүндө, эвакуациялоого аракет кылганда автоунаасы менен аткылап, атайылап өлтүрүшкөнү айтылган. Бул үчүн пилотсуз учуучу техникаларды да пайдаланышкан.
Жапа чеккендердин аскер адамдары эместигин билип турса өлтүрүп, россиялык объектилерди, ооруканаларды, госпиталдарды жана православдык храмдарды жок кылышканын билдиришти.
РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова олуттуу фактыларды келтирди.
"2024-жылдын 5-августунан тарта Курск облусунун жашоочуларынан украиналык аскерлердин ур-токмокко алган, сабаган, зомбулук жасаган, өлтүргөнү тууралуу 1 118 факт келип түштү", — деген ал.
Докладда бул оор мыйзам бузуулар Женева конвенциясы боюнча аскердик кылмыш катары бааланары жана убакыт өткөндөн кийин да эскирбей турганы айтылган.