УКМК: балдарды сатуу үчүн асыраган топтун мүчөлөрү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 24 сен — Sputnik. Кыргызстанда трансулуттук топ кыргызстандык балдарды мыйзамсыз асырап, кийин сатуу максатында өлкөдөн чыгарып кетип турушкан. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ 2022-жылдан бери иштеп келген. Алар начар жашаган үй-бүлөлөрдү манипуляциялоо жолу менен балдарын камкордукка алышчу.
Факт боюнча “Адам сатуу” беренеси менен иш козголгон. 20-сентябрда шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда атайын кызмат кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоодо.
Ташиевдин атын жамынып ишкерлерден акча алган. УКМК шектүүнү кармады