Ташиевдин атын жамынып ишкерлерден акча алган. УКМК шектүүнү кармады

Атайын кызмат кармалган адамдардан жапа чеккендер болсо УКМКнын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып ишкерлерден ири өлчөмдө акча алган делип Оштун эки тургуну кармалганын мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматта шектүүлөр Ош шаарындагы башка бирөөгө таандык батирди документин жасалмалап сатып жиберишкени да айтылат.
"Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери уланууда", — дешти УКМКдан.
Атайын кызмат алдамчылык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, кармалган адамдардан жапа чеккендер болсо УКМКнын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырды.
Наркы миллиард сомго чукул. УКМК Кызыл-Кыядагы эки жер тилкени кайтарды