Мопед айдагандар үчүн айдоочулук күбөлүккө жаңы категория киргизүү каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Айдоочулук күбөлүккө атайы мопед айдоочулары үчүн жаңы категория киргизүү пландалып жатканын ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, эми айдоочулук күбөлүктө бул категория А1 деп белгиленет.
"Эреже кыймылдаткычынын күчү 50 кубдан ашпаган транспорт айдоочуларына тиешелүү. Долбоор жакын арада коомдук талкууга чыгарылат", — деди Айтикул уулу.
Мэриянын жеке автоунаадан баш тартуу демилгесин президенттик администрация колдоду