Кыргыз делегациясы Кытайдагы дүйнөнүн эң ири ГЭСине барып, сунуш киргизди

"Үч капчыгай" — Кытайдын Янцзы дарыясында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң ГЭС.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Хубэй провинциясында жайгашкан "Үч капчыгай" ГЭСине барды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
1 / 6

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Хубэй провинциясында жайгашкан "Үч капчыгай" ГЭСине барды

2 / 6

Билдирмеге ылайык, Кыргызстандан барган делегациянын курамына энергетика министри Таалайбек Ибраев, "Курулуп жаткан электр станциялары" дирекциясынын, өлкөдөгү энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана адистери кирген

3 / 6

Жолугушууда Хубэй провинциясынын Тышкы байланыштар департаментинин жетекчилиги жана кытайлык энергетиктер "Үч капчыгай" ГЭСи тууралуу маалымат беришкен

4 / 6

Тараптар гидроэнергетика тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты

5 / 6

Белгилей кетсек, "Үч капчыгай" Кытайдын Янцзы дарыясында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң ГЭС болуп саналат

6 / 6

Кытайлык энергетиктердин айтымында, гидроэлектростанциянын жалпы кубаттуулугу 22 миң 250 МВтны түзөт. Плотинанын бийиктиги 185 метр, узундугу 2,3 чакырымга жетет

Билдирмеге ылайык, Кыргызстандан барган делегациянын курамына энергетика министри Таалайбек Ибраев, "Курулуп жаткан электр станциялары" дирекциясынын, өлкөдөгү энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана адистери кирген. Жолугушууда Хубэй провинциясынын Тышкы байланыштар департаментинин жетекчилиги жана кытайлык энергетиктер "Үч капчыгай" ГЭСи тууралуу маалымат беришкен.
"Тараптар гидроэнергетика тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Андан соң кытай тарапка Кыргызстанга келип кетүүнү жана ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунушташкан. Белгилей кетсек, "Үч капчыгай" Кытайдын Янцзы дарыясында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң ГЭС болуп саналат. Кытайлык энергетиктердин айтымында, гидроэлектростанциянын жалпы кубаттуулугу 22 миң 250 МВтны түзөт. Плотинанын бийиктиги 185 метр, узундугу 2,3 чакырымга жетет", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
“Росатом” Жалал-Абад облусуна чакан ГЭС курат