Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 6 000 орун бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык зыярат үчүн Кыргызстанга 6 000 квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Муфтият учурда ажылык сапарды уюштуруу боюнча штаб түзүлүп, иш кызуу жүрүп жатканын белгилеген.
Эскерте кетсек, быйылкы ажылыкка САП 6000ден ашуун орун бөлгөн.
"Түшүнбөгөн суроо болсо чалыңыз". Муфтият call-борбор ачты