Чет элдик студенттер үчүн ректорлордун жоопкерчилиги күчөтүлөт

Жарлыкта көрсөтүлгөн чаралар сынамык иретинде киргизилип, ийгиликтүү болсо миграциялык процесстер мыйзам менен жөнгө салынары кошумчаланган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Чет элдик студенттер үчүн ректорлордун жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта айтылган.
Өлкө башчы министрлер кабинетине миграциялык процесстерди оптималдаштырууну тапшырды. Анын ичине төмөнкүлөр кирет:
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча чет элдиктердин өлкөдө болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жана алардын эмгек ишин жүзөгө ашыруу жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган комиссиялык кароонун жол-жоболорун токтотуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга республикалык квотаны бөлүштүрүү тартибин кайра карап чыгуу.
Жарлыкта ошондой эле чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды Кыргызстанга чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан аларды каттоонун жана жашоого, жүрүүгө, жашаган жерин өзгөртүүгө, өз убагында чыгып кетүү укугуна документтерди тариздөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн көбөйтүү каралган.
Чет өлкөлүктөргө карата жасалган кылмыштар үчүн жаза катаалдаштырылууда