Үч жылда өлкөдө акчанын көлөмү 175,1 млрд. сомго көбөйдү. Себеби

Соцтармактарда "бийлик акча басып чыгарууда, мындан улам бюджет көтөрүлүп, инфляция өсүүдө" деген маалымат тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуттук банк соңку үч жылда экономикадагы акча массасынын өскөнүнө түшүндүрмө берди.
"Интернет-баракчаларда айрым адамдар бийлик акыркы үч жыл аралыгында өлкөнүн экономикасындагы акчанын санын кыйла көбөйткөндүгү жөнүндө ар кандай маалыматтарды таратууда", — деп жазылган маалыматта.
Башкы банктын жообундагы урунттуу учурлар:
соңку үч жылда акча массасы 219,1 миллиард сомдон 394,2 миллиард сомго жетип, өсүш 175,1 миллиардга же 79,9 пайызга жеткен;
бул убакытта өлкөнүн номиналдуу ИДПсы 639,7 миллиард сомдон 1,2 триллион сомго же 92,1 пайызга өскөн. Кыргызстандын экономикасында өндүрүш 2020-жылдан 2023-жылга чейин 30,2 пайызга жогорулаган;
"монетизациялоо коэффициенти" 41-44 пайыз деңгээлинде кармалып турган. Бул көрсөткүчтүн туруктуулугу өлкөдө акчанын саны менен экономикалык жигердүүлүктүн өз ара шайкеш катышын билдирет;
алмашуу курсунун динамикасы акча массасынын өсүшү өлкөдө экономикалык жигердүүлүк менен шартталгандыгын күбөлөндүрөт.
Эске салсак, соцтармактарда "бийлик акча басып чыгарууда, мындан улам бюджет көтөрүлүп, инфляция өсүүдө" деген маалымат тараган болчу.
Кыргызстанга акчанын басымдуу бөлүгү Россиядан которулган