Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалып, шектүү колго түштү

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кечээ кечинде Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалды. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси милицияга кайрылып "Перехват" планы жарыяланган.
"Киа К5 үлгүсүндөгү унаа менен Баткен облусу тарапка алып кетишкен. Натыйжада машина Ноокат районунан кармалды. Анын айдоочусу 31 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болгон", — деп айтылат маалыматта.
Иштин материалдары РИИБге өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.
Пресс-борбор
ИИМ: быйыл алты ала качуу фактысы катталды