Жаңы сатып алынган учак сыналып, Таласка учту

Алгачкы рейсинде учактардын коопсуздугу текшерилип, даярдыгы тастыкталганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жаңы учак биринчи сынамык рейсин ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Асман аба жолдору" мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкектен Таласка учкан.
"Bombardier Dash 8 Q400 учагынын персоналы жана экипажы учуунун бардык этаптарын аткарып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана коммерциялык эксплуатацияга даярдыгын тастыкташты", — деп жазылат маалыматта.
Жакынкы арада компания өлкө аймактарына эле эмес, коңшу өлкөлөргө да каттоону пландап жатканы кошумчаланды.
Asman Airlines компаниясынын биринчи учагы "Манас" аэропортуна конду