БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев "Известияга" берген маегинде https://iz.ru/1763762/2024-09-24/posol-kirgizii-rasskazal-o-polze-eaes-dlia-strany билдирген.
Анын айтымында, өлкө бюджетинин кирешеси үч, ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн деңгээли эки эсеге өскөн.
"Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөнүн экономикасына жакшы таасирин тийгизди. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча тогуз жылдын ичинде биримдиктин шарттарында республиканын ИДПсынын орточо өсүшү 3,9 пайызды түздү. Жалпысынан 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллион сомдон ашып, 2015-жылга салыштырмалуу үч эсе өстү", — деди ал.
Ошондой эле ал өлкөнүн жарандары ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алганы дагы оң натыйжага кошуларын белгилеген.