Катар авиациялык академиясы жылына 10 учкучту окутууга квота берди

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Катар авиациялык академиясы учкучтарды акысыз окутуу үчүн Кыргызстанга жыл сайын 10 квота берет. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Мындай макулдашуу компаниянын директору Данияр Бостонов менен академиянын башкы директору шейх Жабор бин Хамад Аль-Танинин жолугушуусунда түзүлгөн.
"Билим берүү жана авиациялык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу талкууланды. Өзгөчө көңүл аба кыймылынын диспетчерлерин жана бул жаатта квалификациялуу адистерди даярдоого бурулган. Катар 10 учкучту акысыз окутууга квота бөлө турган болду", — деп айтылат маалыматта.
Космонавттарды даярдаган Кыргызстандагы окуу жай. 36 өлкөдөн келип билим алгандар