БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Коргоо министринин орун басары Эмил Осмоновго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бизге өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, ишти УКМК иликтеп, учурда шектүүдөн эч жакка кетпөө боюнча тил кат алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, атайын кызмат анын иш бөлмөсүнө жана кызматтык унаасына мөөр баскан.
Бул иш боюнча "Кыргыз курал" мамлекеттик ишканасынын кызматкери жана Коргоо министрлигинин сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы кармалганы белгиленди.