Мэриянын жеке автоунаадан баш тартуу демилгесин президенттик администрация колдоду

Шаардагы тыгынды болтурбоо жана коомдук транспортту мониторингдөө үчүн Бишкек мэриясы кызматкерлерине жеке автоунаадан баш тартууну тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Президенттик администрация шейшемби жана бейшембиде жеке автоунаадан баш тартуу демилгесин колдоого алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, администрация ошол күндөрү министрлик жана ведомстволорго коомдук транспортто жүрүү боюнча сунуштама жөнөткөн.
"Бишкек шаарынын мэриясынын демилгесин президенттик администрациясы колдоду. Тиешелүү тапшырма министрликтерге жана ведомстволорго шейшемби, бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү боюнча сунуштама менен жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Мэриянын муниципалдык кызматкерлердин жеке унааларын колдонууга чектөө киргизүү демилгеси майда көтөрүлүп, шаардагы транспорттук кырдаалды жакшыртууга багытталганы кошумчаланды.
Көнүшкүчө убакыт керек. Шаардык департамент жол тыгындары качан азаярын айтты