Баалуу таштарды мыйзамсыз алып саткандарга айыпты көбөйтүү сунушталды

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, баалуу металлдар менен иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар милдеттүү түрдө атайын каттоодон өтүп, тиешелүү күбөлүк алышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Баалуу металлдар жана таштар боюнча мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр сунушталды.
Тиешелүү долбоорду Финансы министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, демилге аталган рыноктогу көмүскө жүгүртүүлөрдү кыскартуу жана жөнгө салуунун бирдиктү негиздерин калыптандыруу максатында көтөрүлүүдө.
"Өзгөртүүлөр баалуу металлдардын жана таштардын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөштү күчөтүүгө жана көзөмөлдү жакшыртууга багытталган", — деп белгиленген негиздемесинде.
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, баалуу металлдар менен иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар милдеттүү түрдө атайын каттоодон өтүп, тиешелүү күбөлүк алышы керек.
Күбөлүксүз иш жүргүзгөн жеке жактарга 10 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 28 миң сом айып салуу каралууда.
Ошондой эле отчеттуулуктун эрежелерин жана мөөнөттөрүн бузган учурда жеке жактарга 12 миң 500 сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып пул каралган.
Радио
Зергерликтеги эрежелер ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирилди