Радио

Адиев: жерин саткандардын кээси жашыл китебин "Кадастрга" өткөрбөй жатат

Сокулук районунун администрация башчысынын биринчи орун басары Капар Адиев райондогу жерлерге мунапыс берүү ишинин жүрүшү тууралуу айтты.
Sputnik
Документтердин баарын кылдат текшерип чыккандан кийин келип түшкөн 23 миң арыздын 16 461и канааттандырылган. Ал жалпы арыздын 71 пайызын түзөт. Бул тууралуу Капар Адиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба багытындагы жерлерди үй курууга сатып жибергендердин арасында мунапыска макулдугун бербей, жашыл китебин "Кадастрга" өткөрбөй жаткандар бар.
"Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча мыйзам 2022-жылдын 1-апрелинде чыккан. Аны ишке ашыруу тартиби, жобосу ушул жылдын 22-майында жарык көрдү. 2022-жылдын 10-июнунан баштап Сокулук районунда жер мунапысын берүү жарыяланып, райондук комиссияга 23 миң арыз келип түшкөн. Көп бөлүгү Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу болуп, андан 16 миңдей арыз келип түшкөн. Учурда Новопавловка айыл өкмөтү АТР алкагында Бишкек шаарына өттү. Келген арыздардын бардыгын жободо белгиленген тартипте атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан корутунду алуу үчүн сурам жөнөткөнбүз. "Кадастр" мекемеси менен райондук архитектура жерине чыгып, мунапыска туш келген тилкелерди, контурлардын, жерлердин түрү боюнча маалыматын тактады. Кийин райондук комиссия оң корутунду алган арыз ээлери менен жолугуп, арызга тиркелген документтердин баарын кылдат текшерип чыккандан кийин 23 миң арыздын ичинен 16 461ин канааттандырган. Бул жалпы арыздын 71 пайызын түзөт. Жер тилкесинин долбоору жасалгандан кийин айыл чарба жерлери калктуу конуш жерлерине трансформацияланат. Учурда райондо 8 574 арызга токтом чыккан. Бул айыл өкмөткө жолдонуп, анда 7 576 чечим берилип, андан "Кадастрга" катталган 6 880 адам колуна мамлекеттик актыларын (кызыл китеп) алып кетишти. Мунапыс берүү иши оңой болгон жок. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жаткандыктан мүчүлүштүктөр кездешти", — деди Адиев.
Ал жобого да бир канча сунуштар жана өзгөрүүлөр киргенин белгиледи. Адистин айтымында, мунапыска кандай жер тилкелери кирери мыйзамда так жазылган, алгач аны комиссия тааныш керек.
"Мунапыска барак тибиндеги үйлөр, санитардык корук зоналары кирбейт. Кыргызстандын жер-жерлеринен бир топ сунуштар түшүп, министрлер кабинети тарабынан колдоо болуп бир катар нормативдик актыларга өзгөртүүлөр да кирди. Анын арты менен корук зонасы кыскарып, биздин райондогу кызыл сызыкта турган үйлөрдүн 80 пайызы корук зонасынан чыгып, мыйзамдын чегинде мунапыска өттү. Ошону менен катар күйдүргүдөн өлгөн мал көмүлгөн жана темир жол өткөн аймактын аянты да кыскарды. Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордодо өзү билемдик менен 15 миңге жакын үй салынып кеткен. Бир жер тилкеси бир нече адамга сатылган фактылардан улам жер тилкелери камакка алынып калган учурлар бар. Мунапыс иштери башталганда соттун чечими менен 300 гектарга (5 миңден ашык жер тилкеси) чектөө коюлган болчу. Укук коргоо органдары, облустук жетекчилер, губернатордун кийлигишүүсү менен ошол маселелер чечилди. Келген арыздардын 75 пайызына оң чечим чыгарып бердик. Учурда санитардык корукта жана сот органдары тарабынан камакка алынган үйлөр бар. Ушул көйгөй чечилбей жатат", — деди Адиев.
Ал сотко өткөн иштер көп убакытты талап кыларын кошумчалады.