БУУ Ливанда жай жарандардын көп санда өлүшүн кабыл алгыс нерсе деп атады

Гранди саясий лидерлер согушту тез арада токтотуунун жолун табышы керектигин баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ливандагы каза тапкан жай жарандардын саны өскөнү кабыл алгыс нерсе, кырдаалдын курчушу кооптондуруп жатат. Мындай пикирин БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди айтканын РИА Новости жазды.
"Ливандагы кризистин курчуп бара жатканы коркутат. Ансыз да бүгүнкү күндө жүздөгөн адамдар үйүн таштап кетүүгө аргасыз болууда. Көз жумган жай жарандардын саны өскөнү кабыл алгыс нерсе", — деген ал.
Гранди саясий лидерлер согушту тез арада токтотуунун жолун табышы керектигин баса белгилеген.
Ливандын Саламаттык сактоо министрлигине караган Тез жардам борбору берген маалыматтарга таянсак, израилдиктердин өлкөнүн түштүк тарабын бомбалоосунун кесепетинен 492 киши каза тапса, 1645и жарадар болгон.
Кырдаал Ливандын ар кайсы райондорунда 17-18-сентябрда байланыш каражаттарынын массалык жарылуусунан кийин болгон эки тараптын атышуусунан улам курчуп кеткен. Анын кесепетинен ондогон адам өмүрүнөн ажырап, үч миңге жакын киши жаракат алган. Кийинчерээк израилдик авиация Бейруттун түштүк тарабындагы турак жайды аткылап, 50дөн ашуун адам, анын ичинде "Хезболлахтын" атайын операциялары боюнча командачысы Ибрагим Акил да набыт болгон.
Шииттердин аскерлери Израилдин Аскер-аба күчтөрүнүн Рамат-Давид базасы менен Хайфа шаарындагы "Рафаэль" аскер-өнөр жай комплексине чабуул жасаган. Калаанын четиндеги эл жашаган кварталында бир нече ракета жарылганы айтылды.
Россия ТИМи Ливандагы диверсияны терактынын жаңы түрү деп сыпаттады