Бишкекте россиялык “Кванториум” технопаркы балдарга мастер-класс өткөрдү. Видео

Бишкекте россиялык “Кванториум” технопаркы мастер-класс өткөрдү. Анда балдарга учкучсуз учуучу аппараттар кантип иштээрин, виртуалдуу реалдуулук жана 3d-моделдөө деген эмне экенин түшүндүрүп беришти.
Sputnik
Мастер-класстар Бишкекте, Кара-Балта жана Токмокто 27-сентябрга чейин уланат.
“Кванториум” балдар технопаркынын директору Юлий Фукин мастер-класска катышкан ар бир бала чакан түзүлүштөрдү жасоого мүмкүнчүлүк ала турганын айтты.
“Биз балдарга күн батареялары тууралана турган спутниктин макетин алып келдик. Мастер-класска катышкан ар бир бала күн нурунан кубат алган чакан түзүлүш жасоого мүмкүнчүлүк алат”, — деди ал.
Тема боюнча:
Бишкекте Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү ачылды. Видео