Эртең Бишкектин түштүк-батыш тарабында суу өчөт. Карта

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкектин түштүк-батыш тарабында 25-сентябрда суу жок болорун мэрия билдирди.
Саат 10:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Чатыр-Көл, Шералиев, Күйүкова, Чортеков, Ахунбаев, Муромская, Жазира, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Репин көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчөт.
Жамгыр, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты