Бишкекте Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү ачылды. Видео

Бишкекте ачылган Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү мектеп окуучуларына кесип тандоого жана андан кийин беделдүү окуу жайларга акысыз өтүүгө жардам берет.
Sputnik
Иш-чара КРСУда өтүүдө. Бул жерге Россиядан жогорку билим алууну каалаган мектеп окуучулары чогулушту. Ар бир окуу жайдын өкүлдөрү кабыл алуу эрежелерин түшүндүрүшүүдө.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зулхарнеевдин айтымында, кыргызстандыктар Россиянын жогорку окуу жайларына акысыз тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
"Кыргызстанда да, Россияда да бардык тармактар боюнча адистерге муктаждык чоң. Биздин университеттер адистиктердин чоң тандоосун сунуштайт жана мамлекеттик квоталар бюджеттик негизде окууга өтүүгө мүмкүндүк берет", - деди Зулхарнеев.