Радио

Министрлик: балдарын кароосуз калтырган ата-энелер айыпка жыгылат

Эмгек министрлигинин үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев балдарын камкорчуга калтырып кеткени тууралуу маалымат бербеген эмгек мигранттардын жоопкерчилиги күчөтүлөрүн айтты.
Sputnik
Балдарын кароосуз калтырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлабай миграцияга кеткен ата-энелерге айып салуу сунушталууда. Учурда демилге коомдук талкууга чыгарылды. Элдин пикирин эс алуу менен иштелип чыгат. Бул тууралуу Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, документтин максаты балдардын ата-энелик жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.
"2021-жылы президенттин миграция маселеси боюнча жарлыгы чыгып, миграцияда жүргөн ата-энелерди жана алардын бул жакта калган балдарын коргоо үчүн тапшырмалар берилген. Анын алкагында Балдар кодексине "эмгек мигранттарынын балдары" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Кабыл алынып калса чоң жумуштар аткарылат. Атайын программалар түзүлөт, багыттар өзгөрөт, ошондой эле жасалып жаткан иштер үчүн мамлекеттен атайын каражат бөлүнүшү керек болот. Документте чет өлкөгө иштегени кетип жаткан ата-эне балдарын карай турган мыйзамдуу өкүлдү калтырып кетпесе жоопкерчилиги каралышы керек деп көрсөтүлүүдө. Тагыраагы, бул тууралуу мамлекеттик органдарга 15 күндүн ичинде маалымат бербесе 15 миң сомдун тегерегинде айып салуу каралууда. Эми билдирүүнү сөзсүз социалдык башкармалыктарга барып калтыруу талап кылынбайт. Жашаган аймагындагы айыл өкмөткө эле арыз калтырып, каттатып койсо болот. Эгер сыртка чыгып кеткен болсо атайын көрсөтүлгөн дарекке электрондук билдирүү жөнөтө алат", — деди Тодогелдиев.
Ал бүгүнкү күндөгү мыйзамда баланы мыйзамдуу өкүлгө табыштабай миграцияга кеткен ата-энени аталык жана энелик укуктан ажыратуу каралганын кошумчалады.