Бакай Маканбаев ЕЭКтеги маанилүү кызматка дайындалды

Жаңы жетекчи 2018-жылдан бери комиссиянын департаментинде ар кыл кызматтарды аркалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын Протокол жана уюштуруу иштерин камсыздоо департаментинин директорлугуна кыргызстандык Бакай Маканбаев дайындалды. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Бакай Маканбаев 1993-жылы Жалал-Абадда туулган.
Жогорку билимдүү. 2015-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин, 2017-жылы магистратураны мыкты жыйынтык менен аяктаган. 2021-жылы Россия ТИМинин дипломатиялык академиясынын аспирантурасынан билим алып чыккан.
Эмгек ишмердүүлүгүн студент болуп жүргөн жылдары коммерциялык тармакта иштөө менен баштаган.
2018-жылдан бери Евразиялык экономикалык комиссиянын Протокол жана уюштуруу иштерин камсыздоо департаментинде ар кыл кызматтарды аркалап келген.
2022-жылы Протокол жана уюштуруу иштерин камсыздоо департаментинин бөлүм жетекчилигине дайындалган.
Ведомстволук ыраазылык баракчалардын жана Ардак громаталардын ээси.
Үй-бүлөлүү.
Элдар Алишеров ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри болду