25-сентябрга карата аба ырайы

25-сентябрда өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Шаршембиде республиканын тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүйдө 22…27, Талас облусунда 19…24, Нарын өрөөнүндө 19…24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31, Ысык-Көлдө 18…23 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 24…26, Ош шаарында 29…31 градусту көрсөтөт.
Жума ортосунда катуу жаан жаап, сел жүрөт. ӨКМ аймактарды тизмектеди