Алмаз Сарлыкбеков кыргыз театрынын багына жаралган мыкты режиссер. Ал дүйнөлүк классикалык деңгээлдеги чыгармаларды да мыкты спектакль катары жасады. Алмаз Сарлыкбеков республикалык жаштар театрында башкы режиссер, Улуттук кыргыз драма театрында көркөм жетекчи болуп, театр искусствосуна 30 жылдан ашуун эмгегин арнап, жогорку деңгээлдеги ондогон сректаклдерди сахналаштырып, өзүнүн режиссерлук ыкмасын, «почеркин» жаратып кеткенин Аман Жакыпов билдирди. Грузиянын баш калаасы Тбилисидеги эл аралык фестивалга катышып, грузиндердин жогорку баасын алган.
Анын Фёдор Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» спектакли Москвада коюлганда орустар абдан таң калып, негизги каарман Калыбек Назаралиевди «биздин Тараторкинден кем калышпаган актёр экен» дешкен. Эл аралык Александр Попов атындагы сыйлыктын күмүш медалынын ээси болгон