Парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Аскар Акаевдин арызы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун четке какты.Кайрылуу эми комиссиясыз эле Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.Эске салсак, Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев экс-президент статусун калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке 30-июнда кайрылган.
Чет элдик студенттер үчүн ректорлордун жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта айтылган.Өлкө башчы министрлер кабинетине миграциялык процесстерди оптималдаштырууну тапшырды. Анын ичине: "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча чет элдиктердин өлкөдө болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жана алардын эмгек ишин жүзөгө ашыруу жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу; тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган комиссиялык кароонун жол-жоболорун токтотуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга республикалык квотаны бөлүштүрүү тартибин кайра карап чыгуу кирет.Жарлыкта ошондой эле чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды Кыргызстанга чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан аларды каттоонун жана жашоого, жүрүүгө, жашаган жерин өзгөртүүгө, өз убагында чыгып кетүү укугуна документтерди тариздөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн көбөйтүү каралган.
Президенттик администрация шейшемби жана бейшембиде жеке автоунаадан баш тартуу демилгесин колдоого алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, администрация ошол күндөрү министрлик жана ведомстволорго коомдук транспортто жүрүү боюнча сунуштама жөнөткөн. "Бишкек шаарынын мэриясынын демилгесин президенттик администрациясы колдоду. Тиешелүү тапшырма министрликтерге жана ведомстволорго шейшемби, бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү боюнча сунуштама менен жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта. Мэриянын муниципалдык кызматкерлердин жеке унааларын колдонууга чектөө киргизүү демилгеси майда көтөрүлүп, шаардагы транспорттук кырдаалды жакшыртууга багытталганы кошумчаланды.
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев "Известияга" берген маегинде билдирген.Анын айтымында, өлкө бюджетинин кирешеси үч, ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн деңгээли эки эсеге өскөн."Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөнүн экономикасына жакшы таасирин тийгизди. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча тогуз жылдын ичинде биримдиктин шарттарында республиканын ИДПсынын орточо өсүшү 3,9 пайызды түздү. Жалпысынан 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллион сомдон ашып, 2015-жылга салыштырмалуу үч эсе өстү", — деди ал.Ошондой эле ал өлкөнүн жарандары ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алганы дагы оң натыйжага кошуларын белгилеген.