Жанданган Бишкек — Москва поезд каттамында эмнелер өзгөрдү?

Sputnik
Ушул жылдын декабрь айынын орто ченинен тартып Бишкек — Москва поезди жүргүнчүлөр үчүн жумасына эки жолу каттай баштайт. Бул Казакстан жана Россия менен макулдашылган. Каттам Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу 2022-жылдан бери Самара бекетине чейин кыскартылган болчу. Жанданган каттамда эмнелер өзгөрдү? Жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу жаатында кандай иштер аткарылып жатат?
Ушул жана башка суроолорго “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Расул Рыскулов жана “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Элмира Шерипова жооп берди.