Радио

Министрлик: эми ЖЧКларды каттоо онлайн гана жүргүзүлөт

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жоопкерчилиги чектелген коомдорду каттоо онлайн-форматта гана жүрөрүн айтты.
Sputnik
Юстиция министрлигинде 33 укуктук форма болсо, анын көпчүлүгүн аралыктан же онлайн-форматта жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Эми ЖЧКларды каттоо да онлайн-форматта жүзөгө ашырылат. Учурда мындай талап Чүй облусу жана Бишкек шаарында иштейт. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коммерциялык уюмдарды онлайн-каттоо октябрь айынан тарта Ош облусу жана Ош шаарына кирет.
"Санариптештирүүнүн алкагында жоопкерчилиги чектелген коомдорду каттоону жалаң гана онлайн-форматта жүргүзүүгө өттүк. Эми адамдар кагаз түрүндөгү документтерин өздөрү көтөрүп келсе кабыл алынбайт. Бул эреже азыр Бишкек шаарында жана Чүй облусунда иштеп жатат. Учурда 400дөн ашуун ЖЧК аталган аймактарда онлайн катталды, демек, бул жарандар үчүн да ыңгайлуу болуп жатат. Ушундай эле эреже октярбь айынан тарта Ош облусуна жана Ош шаарына кирет. Азыр ал жактын кызматкерлери окутуудан өтүп жатышат. Бара-бара республиканын бардык аймактарына жайылат", — деди Сыдыков..
Ал ЖЧКларды каттоогу онлайн-форматты Кыргызстандын жарандары да, чет элдиктер да колдоно аларын кошумчалады.