Радио

Таштанды көйгөйүнө көңүл бурган "Таза Ала-Тоо" долбоору уланат

Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын мүчөсү, туристтик агенттиктердин биринин негиздөөчүсү Жунус Маметов коомдо экологиялык сабаттуулукту жакшыртууга көңүл бурулушу керектигин айтты.
Sputnik
Альпинизм федерациясынын таштанды көйгөйүнө көңүл бурган "Таза Ала-Тоо" долбоору уланат. Бул жолу альпинисттер тоолордогу эскирген аркандарды, желимдерди жана башка альпинисттик таштандыларды тазалашканын Жунус Маметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоор аркылуу жаш альпинисттерге "жети миңдик чокуларга" чыгууга мүмкүнчүлүк ачып, шарттарды түзүү көздөлгөн.
"Тоолуу аймактарда таштанды көйгөйү жылдан-жылга оорлошуп бара жатат. Кыргызстанга келген альпинисттердин да саны өсүүдө. Биз кооз жерибизди таза кармап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз кажет. Мындан 2-3 жыл мурда альпинист Асел Байбагышева Кан-Теңир чокусуна чыгып бара жатып жарлардагы таштандынын көптүгүн, аркандардын чирип, кооптуулук жаратканын көрүп, ушул маселени көтөрүп чыккан. Кийин федерация аталган долбоорду иштеп чыгып, чакан топ түзүп, эл аралык экологиялык экспедиция Кыргызстандын эң бийик чокулары болуп саналган Ленин менен Кан-Теңирге барып келдик. Долбоор "Таза Ала-Тоо" деп аталып, элдин көңүлүн тоолуу аймактардагы таштанды көйгөйүнө буруу максаты болгон. Көбү бул идеяны колдой турганы бизди кубандырат. Эми мындан ары да "Таза Ала-Тоону" улантабыз. Ал үчүн маалыматыбызды тереңдетишибиз керек экен деген ойго келдик", — деди Маметов.
Ошондой эле ал тоолуу аймактардагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекет тарабынан жакшы программалар кабыл алынып, аракет болсо көпчүлүк колдой турганын кошумчалады.