Прокуратура: Ноокатта мэрия кызматкерлери 48 батирлүү үйдү мыйзамсыз сатышкан

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ош облусунда көп кабаттуу үй жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткенин Башкы прокуратура кабарлады.
Прокуратура тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада Ноокат шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан 48 батирлүү үйдү 0,48 гектар жер тилкеси менен жеке жактарга мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган. Сот органдарына доо арыз берилип, мыйзамсыз бүтүм жараксыз деп табылган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук чара көрүү актысы берилип, 93 миллион 221 миң сомдук 48 батирлүү үй жана ага таандык жер тилке мэриянын балансына кайтарылды", — деди көзөмөл органы.
Наркы миллиард сомго чукул. УКМК Кызыл-Кыядагы эки жер тилкени кайтарды