Макрон: Европа Россия менен болгон мамилесин карап чыгышы керек

Макрон учурдагы дүйнөлүк тартип Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин орногондугун, ал кезде азыркыдай калкы жыш жайгашкан мамлекеттер болбогонун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Европа өзүнүн географиялык реалдуугун эске алып, Россия менен болгон келечектеги мамилесин карап көрүшү керек. Бул туурасында Франция президенти Эммануэль Макрон эл аралык конференция учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Дүйнөнүн жаңы формасы жөнүндө ойлонушубуз зарыл. Европанын ЕБ, НАТО менен эле чектелип калбаган географиялык реалдуулуктарын эске алышыбыз керек. Европанын түптөлүшүнүн, жашашынын жаңы формасын ойлонуп чыгышыбыз зарыл, ошондой эле континенттеги жана дүйнөдөгү тынчтыкты кайрадан караштыруу шарт", — деген француз лидери.
Макрон учурдагы дүйнөлүк тартип Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин орногондугун, ал кезде азыркыдай калкы жыш жайгашкан мамлекеттер болбогондугун белгилеген. Ошондуктан, анын ою боюнча, бул тартип толук эмес жана адилетсиз.
"Бизге тартип керек, анда өлкөлөр өзүнүн татыктуу ордун тапкыдай болушу зарыл. Ал нерсе Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк же Эл аралык валюта фонду болобу, айтор, алда канча адилеттүү органдар аркылуу ишке ашышы кажет", — деди Макрон бул маселени БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясында көтөрүүгө убада кылып.
Владимир Путин Батыш пропагандасына негизделген дүйнө түзүмүн бир нече ирет сындаган. Мамлекет башчы жаңы дүйнөлүк тартипти түзүү зарылдыгын баса белгилеген. Анын негизине ачык экономиканын принциптери, бардыгына адилеттүү кароо, биргелешкен чечимдер жана бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу кириши керектигин айтты. Ошондой эле эгемен жана күчтүү Россиясыз мындай тартипти түзүү мүмкүн эместигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО дүйнө жүзүнөн Россияга колдоо көрсөтпөөнү талап кылды