Ысык-Атада айыл чарба жерин сатып жиберген. Милициянын экс-жетекчиси кармалды

Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы эки гектар жерди мыйзамсыз сатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ысык-Атада айыл чарба жерин мыйзамсыз сатып, эс алуу борборун курган делип райондук милициянын мурдагы башчысы менен жайыт комитетинин мурдагы өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы былтыр документти жасалмалап, райондук милициянын мурдагы башчысына аталган айылдагы эки гектар жерди мыйзамсыз берген. Бул жерге эс алуу үчүн коттедждер курулуп, эс алуу борбору уюштурулган.
Документтерди жасалмалоо, объектилерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча жерди саткан киши менен милиционер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Кыргызнефтегаздын" акцияларынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды