Наркы миллиард сомго чукул. УКМК Кызыл-Кыядагы эки жер тилкени кайтарды

Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекеттин балансына кайтарууну улантмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 3,61 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 2

Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 3,61 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды

2 / 2

Маалыматка ылайык, ал жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен өткөн

Маалыматка ылайык, ал жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен өткөн.
"Кызыл-Кыяда муниципалитеттин балансына наркы 681 миллион сомдон ашкан 36 миң 106 чарчы метрлик имараттары менен жер тилкеси кайтарылды. Анын аянты 3,61 гектар. Мындан тышкары, баасы 280 миллион сомдук, аянты 3,5 гектар жер мэриянын балансына кайтарылды", — деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекеттин балансына кайтарууну улантары кошумчаланды.
Жер тилкелерге берилген кызыл жана жашыл китептерди жоюу пландалууда