БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргыз тили — тектеш түркий тилдердин өзөгү болуп келген улуу тил. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосунда айтылган.
Анда өлкө башчы тил эгемен мамлекеттин эң башкы белгилеринин бири экенин белгилеп, кыргыздын тарых-таржымалы, көөнө маданияты эне тилден башат аларын айткан.
"Улут уңгусуна, анын нарк-насилине жан салып сактап келген, сактай турган дагы дал ушул эне тилибиз! Көп тилдерден айырмаланып, кыргыз тили көөнө тил корун түзгөн тилдердин катарына кирет. Ошондой эле биздин эне тилибиз — жалпы тектеш түркий тилдердин өзөгү болуп келген улуу тил. Анын башкалардан өзгөчөлүгү мына ушунда", — деген мамлекет башчы.
Ошондой эле президент өз эне тилине дилин бербеген, дитин койбогон, анын келечегине кам көрбөгөн элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк экенин айткан.
Мындан тышкары, учурда кыргыз тили мамлекеттик деӊгээлдеги иш кагаздарынын, анын ичинде мыйзам, илим менен билимдин тилине айланганын кошумчалаган.