Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Жолугушууда тоо демилгелерин ишке ашыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндөгү максаттар боюнча кеп козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда тоо демилгелерин ишке ашыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндөгү максаттар боюнча кеп козголду.
Жапаров мөңгүлөрдүн эриши жана суу ресурстарынын азайышы сыяктуу аймак үчүн климаттык көйгөйлөрдү белгиледи. Ал БУУнун энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча региондук борборду түзүү демилгесин колдоого чакырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө олуттуу салым боло турган мамлекеттик карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу механизмин сунуштады.
Муну менен катар президент тоо күн тартибин илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, БУУну 2027-жылы өтө турган экинчи "Бишкек+25" глобалдык тоо саммитин даярдоого катышууга жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн "БУУ-Тоолор" эл аралык платформасын түзүүгө чакырды.
Эске салсак, Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитине катышуу үчүн барган.
Садыр Жапаров Нью-Йорктогу Келечек саммитинде сүйлөдү