Жалал-Абадда пара алууга шектелип соцкызматкер кармалды

Шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери соттун уруксаты менен жашыруун видеокамерага тартылганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери элден системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Шектүү социалдык жөлөк пулдарды, тактап айтканда, "үй-бүлөгө көмөктү" дайындоону тездетүү үчүн пара талап кылган. Анын мыйзамсыз аракеттери соттун уруксаты менен жашыруун видеокамерага тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул ишке башкармалыктын жетекчилигинин тиешеси бар-жогу текшерилип жатканы кошумчаланды.
Жалал-Абадда почта кызматкери пенсия, жөлөк пулдун акчасын кымырган деп кармалды