Бишкек: чет элдик 15 жаштагы кызды сүзүп, өспүрүм ооруканада каза болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бүгүн кечке маал Бишкектин Жал кичи районунда Honda Aria үлгүсүндөгү автоунаа 15 жаштагы кызды сүзүп, андан соң из жашырган.
Шаардык милициядан окуя жөө кишилер үчүн өтмөктө болуп, кырсыктын кесепетинен өспүрүм ооруканада көз жумган.

"Окуя болгон жерге милициянын Кайгуул кызматы барган учурда шектүү качып кеткен. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кармалып, тергөөгө жеткирилген”, — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча иш козголуп, учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милициядан керектүү экспертизалар дайындалганын билдиришти.
Ноокенде эки унаа кагышып, үч адам каза болду