БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкекте ажатканага түшүп кеткен 3 жашар бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн Рухий Мурас конушунда болгон.
Жерине беш куткаруучу тартылып, атайы шаймандардын жардамы менен ажаткананын ичине кирип, баланы аман-эсен алып чыгышкан.
Бөбөктүн абалы туруктуу экени айтылды.