Балбан Акылбек Талантбеков төрт жылга мелдештерден четтетилди

Спортчу кызытма текшерүүсүнөн өтпөй калып, алгач убактылуу, кийин териштирүүнүн жыйынтыгы менен төрт жылга мелдештерден четтетилген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акылбек Талантбеков 2027-жылдын 11-июнуна чейин мелдештерден четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, спортчудан 2023-жылдын 10-апрелиндеги текшерүүдө тыюу салынган метастерон аныкталган.
Сайттан спортчуну алгач 2023-жылдын 12-июнуна чейин убактылуу четтетүү чечими кабыл алынганын, бирок териштирүүдөн кийин төрт жылга дисквалификация кылганын көрүүгө болот.
Эске салсак, Акылбек Талантбеков былтыр апрелде Астанадагы Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп, чемпион болгон.
Спортчу 82 килограмм салмакта финалдык беттеште казакстандык Диас Календи уткан. Эми алтын медаль казакстандык спортчуга өтмөкчү.
Кубанычын да, ызасын да тең бөлүштүк. КР спортчуларынын 2023-жылдагы ийгилиги