Түрмөдөгү эки адам үчүнчүсүн опузалап бир миллион сом талап кылган

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Камчы Көлбаевдин карамагындагы уюмга кирген топтун кылмыштуу ишине бөгөт коюлганын Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түрмөдөгү эки адам үчүнчүсүн опузалап бир миллион сом талап кылган.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, А.О. жана Т.А. аттуу эки жаранга айыбы угузулган. Тергөө уланууда.
Камактагыларга телефон киргизгендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталды