Кулактын угушу айрым учурда калыбына келбейт. Дарыгердин эскертүүлөрү

Адис көйгөй тукум куума дагы касиетке ээ болушу мүмкүндүгүн, анткени кичинекейлерде дагы кулактын угуусунун начардыгы байкаларын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Стресс жана кулак жарган катуу үндөр угууну начарлатат. Ошондой эле аталган көйгөй тукум куушу да мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге отоларинголог Яна Никиткина айтып берди.
"Терең кайгыруу, ойлонуу дагы кулактын угушуна таасир этет. Стресстин фонунда ар кандай оорулар күчөгөндүктөн кулак тунушу мүмкүн. Ошондой эле акустикалык жаракат деген бар. Катуу музыка, чуру-чуу коштолгон концерт, петарда, аңчылык, ок атуудагы үндөр кулакка терс таасирин тийгизет”, — деген дарыгер.
Ал заманбап кулакчындар сапаттуу экенин, үндү автоматтык түрдө тууралай аларын, бирок айрымдар аны чегине жеткире чоңойтуп, узак убакыт тагып жүрөрүн айткан. Бара-бара бул дагы угууну начарлатары эскертилди.
Адис көйгөй тукум куума дагы касиетке ээ болушу мүмкүндүгүн, анткени кичинекейлерде дагы кулактын угуусунун начардыгы байкаларын билдирген.
Дарыгер угуу кайсы бир убактарда, балким, кулак ооруларын же башка илдеттерди дарылоонун негизинде калыбына келиши ыктымал экендигин, бирок кулактын өзүнүн нерви “өлүп” калса мурдагыдай угууну кайтаруу мүмкүн эместигин белгилеген. Медиктер бул учурда көйгөйдү тереңдетпегенге гана жардам бере алышат.
Кулактын саламаттыгына кам көрүүдө сакталчу эрежелер