БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Украинадагы аскерий чатак 2026-жылы да уланып жана "андан ары созуларын" айтты. Бул туурасында РИА Новости британиялык басылмага таянып билдирди.
"Ливерпулда лейбористтик партиянын конференциясында сүйлөп жатканда Лэмми Украинадагы согуштун кыйынчылыктары менен көйгөйлөрү "дагы тереңдеп, катаалдашарын" айтты. Бул өзгөчө 2025-жылдын соңунда, 2026-жылдары жана андан аркы мезгилдерге тиешелүү экенине токтолду", — деп айтылган макалада.
Андан сырткары, учурда Батыш саясатчылары украин армиясын ар тараптуу колдоо жолдорун жана Россиянын түпкүрүнө чабуул коюу боюнча да караштырып жаткандыктары белгиленген.
"Лэмми Украина жана анын союздаштары согуштун Чыгыштагы алдыңкы чектерин бекем кармап туруудан сырткары Киевге жардам көрсөтүү үчүн дагы эмне керек болорун активдүү талкуулап жатышат", — деп айтылат макалада.
Россиянын президенти Владимир Путин мурдараак НАТО өлкөлөрү Киевдин Россиянын түпкүрүнө сокку уруу пландары тууралуу айтып, алар "эмне менен ойноп жатканына" отчет бербей жатышканын белгилеген. Анын маалымат катчысы Дмитрий Песков РФтин аймактарына жасалышы ыктымал болгон жаңы чабуулдар боюнча комментарий берип, контрсоккулар боюнча жетекчилик жана тиешелүү тараптар кабардар экенин айткан.