Бишкектин четиндеги оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы оорукана мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка караганда, объектини жеке тараптар 2010-жылы менчиктештирип алышкан.
"Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө оорукананын ээси өз ыктыяры менен базар баасы 315 миллион 111 миң сомдон ашык жерди административдик имараты менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди", — деди УКМК.
Учурда атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо иштерин улантууда.
Наркы миллиард сомго чукул. УКМК Кызыл-Кыядагы эки жер тилкени кайтарды