Жамгыр, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 26-27-сентябрда күн кескин сууктап, көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19 градус;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8 градус суук болот.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Жаанчыл болот. Өлкө боюнча 28-сентябрга чейинки аба ырайынын божомолу